Графикалык экспертиза

Википедия дан

Графикалык экспертиза — документтеги тексттин же коюлган колдун автору ким экенин аныктоо максатында жүргүзүлүүчү илимий изилдөө.

Графикалык экспертиза криминалистикалык экспертизалардын бир түрү, анын иши илимий лабораторияда жүзөгө ашырылат. Графикалык экспертиза күмөн жазма, оңдоо жана кол коюуларга салыштыруу үчүн шектүү кол жазманын, коюлган колдун үлгүлөрүн алат. Кол менен жазылган текст-почерктин өзгөчөлүктөрү, машинкада басылган текст басуу ыкмасы жана ариптери боюнча изилденет. Сүрөткө тартуу методу да колдонулат.

Графикалык экспертиза көбүнчө тергөө органдарынын токтомдору, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлгөндүктөн, экспертизанын тыянагы ал органдар үчүн адамдын күнөөсүн далилдөөчү же актоочу негизги документ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.