Гумбин Валерий Дмитриевич

Википедия дан

Гумбин Валерий Дмитриевич (1942-ж. т., Россиянын Свердловск ш.) - хормейстер-педагог.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кшмер (1990), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйл. лауреаты (1986).

  • 1961-ж. Барнаул консерваториясын бүтүргөн.
  • Өзүнүн педагогдук ишин Ош мамлекеттик Ныязаалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайында баштаган.
  • 1968-ж-дан Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда педагог, Кыргыз мамлекеттик телерадиосунун хорунун башкы дирижёру болуп иштеген.
  • Хордун өздүк репертуары классик композиторлордун жана жергиликтүү авторлордун чыгармаларынан турат.
  • Телерадионун алтын фондуна 500ден ашык музыкалык чыгармаларды жаздырган.

Композитор катары Атайдын «Эсимде», Абдыластын «Кызыл жоолукчан», элдик ырлар «Агын суу», «Шырылдаң», К. Молдобасановдун «Жайлоодо», А. Темировдун «комузчу» аттуу ырларын хор үчүн иштеп чыккан.

  • «Илбирстин изи менен», «Топоздор карда төрөлөт», «Токтосун апанын бешиги» аттуу телефильмдерге музыка жазган.
  • Кыргыз улуттук консерваториясынын хор дирижерлоо кафедрасынын доценти.

КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.