Даам

Wikipedia дан

Даам — ооз көңдөйүндө түрдүү азык жана азык эмес заттар (мисалы, дарылар, айрым химиялык заттар) түшкөндө болуучу сезим. Даам сезимин эригич же эриген заттар пайда кылат. Кургак азык зат үчүн шилекей эриткич болуп эсептелет. Эрибеген заттар (кум, таш, жыгач жана башка) даам сезимин пайда кылбайт. Ал сезим эриген заттар Даам рецепторлорун дүүлүктүргөндө пайда болот. Даам рецепторлору тилде, жумшак таңдайда, бадам сымал безде, кулкунда жайгашкан.

Кишинин оозунда 2000дей даам рецепторлору болуп, алардын ар бирине бир нече сезгич нерв талчалар келет. Сезгич клеткалар дүүлүккөндө нерв талчаларда нерв импульстары пайда болот. Ооз көңдөйүндө Даам рецепторлорунан башка көп сандаган сезгич түзүлүштөр болуп, алар бир нерсе тийгенди, басымды, муздакты, жылууну сезет. Ооз көңдөйү ар кандай жытты сезгич нерв учтары жайгашкан мурун көңдөйү менен катнашат.

4 түрдүү (таттуу, кычкыл, ачуу, туздуу) накта даам сезими бар. Бул сезимдер тийиштүү рецепторлорго белгилүү заттар таасир эткенде пайда болот. Мында тилдин жана ооз көңдөйүнүн ар кайсы жери түрдүү даамды (мисалы, тилдин учу — таттуу, түп жагы — ачуу, четтери — кычкыл) сезет. Адамдын даам сезими көп факторлорго (мисалы, тамактын температурасына) байланыштуу. Айрым тамактар, мисалы, бал муздак — өтө муздатылганда. чай ысык болгондо гана даамдуу.

Даамды сезүү башка себептердин таасиринен да өзгөрөт, мисалы, жытты жакшы сезбей калганда тамак-аш даамсыз сезилет. Ошондой эле ички органдардын ооруларында да даам сезими бузулат (мисалы, өт баштыгынын оорусунда тамак — ачуу, тамак сиңирүү бузулганда — кычкыл, кант диабетинде таттуу даамданат). Тамакка табиттин ачылышы жана тамак сиңирүү процесстери даам сезимине байланыштуу.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8