Даек

Википедия дан

Даек – салт боюнча бир же бир нече кишиге (байге, мөрөй, шыбага, энчи, олжо, чачыла, белек, кийит, мүчө, жыртыш, табарик ж. б.) кылдат калыстыкта бөлүнүүчү же таркатылуучу байлыктын (мүлк, дүнүйө, мал, буюм, кооздук, кийим, кездеме, акча ж. б-дын) жалпылаштырган аты. Мис., куданын алдына барганда ар түрдүү (аркан тосмой, көрүн-дүк, жылкычылык, жеңкетай, сүт акы, жүк көрүү, чылбыр тартар, кемпир өлдү ж. б.) салттарга жана ырымдарга таянып берилүүчү бардык чыгым (мал, мүлк, акча, кийим, кездеме, кийит ж. б.); ата-эне карыганда балдарына энчи бөлүштүрүүгө ыйгарылган нерселердин баары (жери, малы, үйлөрү, эмеректери, дүнүйөсү, байлыгы) жалпысынан даек делет. Жоокерчиликте колго түшкөн бөлүштүрүлүүчү олжолор да даек деп аталат. Аны ошол жортуулга катышкандарга калыс даекчи бөлүштүрөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.