Дан жана дан азыктарынын зыянкечтери

Википедия дан

Дан жана дан азыктарынын зыянкечтери, кампа зыянкечтери – сактоо жана ташуу учурунда данды, анын азыктарын бүлдүрүп, жок кылуучу жаныбарлар. Зыянкечтердин 100дөн ашык түрү бар. Алар: жөргөмүш сымалдар (кээ бир кенелер), курт-кумурска (айрым коңуздар менен көпөлөктөр), куштар (кээ бир көгүчкөндөр менен таранчылар), сүт эмүүчүлөр (чычкан сымал кемирүүчүлөр). КМШ өлкөлөрүн дө ун кенеси, кампа шиш тумшугу, коңуз, дан көңдөйлөгүч, буурчак данчысы, кампа күбөсү, таранчы, чычкан, келемиш жана башка өтө коркунучтуу. Булар дан менен дан азыктарын коротуп, сапатын начарлатып, булгайт, үрөндүн өнүмдүүлүгүн төмөндөтөт. Келемиш менен чычкан кампа курулушун, шаймандарды жана жасалганы да бүлдүрөт, чума, холера, күлапса жана башка ооруларды жайылтат. Күрөшүү чаралары: алдын алуу жана жок кылуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия

[[Категория:Дан азыктары]]