Дан сапатын баалоо

Википедия дан

Дан сапатын баалоо – дандын касиеттеринин жана белгилеринин жыйындысын колдонулушуна (тамак-аш, тоют, технология максаттарга) жараша керектөөлөрдү канааттандырууга жарамдуулугун, ошондой эле көпкө сактоо мүмкүндүгүн аныктоо. Дан сапатын баалоо так аныкталган методика боюнча жүргүзүлгөн анализдин натыйжасында бир нече көрсөткүчтөр менен аныкталат. Дандын сапаттык көрсөткүчтөрү мамлекеттик стандартта берилген. Аларга – дандын жаңылыгы (түсү, жыты, даамы), кычкылдуулугу, чөп-чардын болушу, илдет жана зыянкечтерге чалдыгуусу, нымдуулук, көлөмдүк массасы, 100 даана дандын массасы жана башка кирет. Данды технология жактан баалаганда (ун салдырууда жана нан бышырууда) анын тунуктугу, белоктун болушу, клейковинанын саны жана сапаты аныкталат, ошондой эле алынган ун, дан, нандын үлгүсү бышырылат. Бышырылган нандын көлөмдүк чыгуусу жана формасын сактоосу бааланат. Дан сапатын баалоо топтор (партия) боюнча, башкача айтканда сапаты бир өңчөй, бир мезгилде кабыл алууга, тапшырууга же жөнөтүүгө арналган анын ар кандай сан өлчөмү боюнча жүргүзүлөт. Тандап алуунун жана бөлүүнүн ыкмалары мамлекеттик стандарттар менен чектелет жана так аткарылууга тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия