Декомпрессиялык оорулар

Википедия дан

Декомпрессиялык оорулар - көбүнчө суучулдар (терең сууга түшкөндө), учкучтар, кессондогу жумушчулар (кессон оорусу) жогорку басымдуу зонада болгон мезгилде каны жана ткандары азот менен өтө каныккандан болот. Жогорку басымда киши дем алып жаткан абадагы жана ткандагы азот бирдей деңгээлге жетмейинче ткандар азот менен каныга берет. Бул процесс адатта бир нече саатка созулат. Учкучтар, суучулдар, кессончулар иштей турган демейдеги басымда ткандын азот менен каныгуусу алардын организмине терс таасирин тийгизбейт (жумуш эрежеси бузулбаса). Бирок жогорку (4 атчмдан жогору) басымда делөөрүү, галлюцинация, унутчаактык пайда болот. 10 агжда эстен танышы мүмкүн. Д. о-дын бирден-бир себеби — канда азоттун көп топтолушунан жана анын өпкөнүн альвеоласы аркылуу тез чыгып кетпегенинен болгон майда кан тамырларга жел толуп бүтөлүшү. Организмдин ткандары үшүп калганда кан айлануунун бузулушу да Д. о-дын маанилүү себеби болуп эсептелет. Оорунун алгачкы белгилери жогорку басымдуу зонадан чыккандан кийинки бир саат убакыттын ичинде байкалат. Кишинин териси кычышып, муундар, сөөк, булчуңдар жабыркап ооруйт, ткандар шишийт. Нерв системасы жабыркаса баш айланат, кулак тунуп, эстен танат, кусат, алы кетип, кээде шал болушу ыктымал. Жүрөк жана мээ кан тамырлары бүтөлүп калса, өлүмгө учуратат. Оорунун алдын алуу үчүн жогорку басымдуу зонадан чыгуунун туура режимин сактоо, суучулдар, кессончулар, учкучтар пайдалануучу атайын жабдууларды текшерип туруу, алардын ден соолугуна дайыма көз салуу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8