Демократтык централизм

Wikipedia дан

Демократтык централизм – башкаруунун жана мамлекеттик түзүлүштүн кээ бир саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын түзүлүшүнөн жана ишмердигинин принциби. Демократия жана централизм бул принциптин өз ара шартталган тараптары. Тарых далилдеп тургандай, админстрациялык-командалык системанын шартында демократиянын жоктугу жана централизмдин күчөшү, бардык чоң-кичине маселелердин борбордон чечилип калышы бюрократияга алып келди. Централизмден толугу менен баш тартуу анархияга алып келет. Ошондуктан демократтык централизм зарыл болгон катнашта болгону жана аң-сезимдүү ишке ашырылганы зарыл. Демократтык централизм жок жерде кеңири демократия, мамлекеттин, өзгөчө көп улуттуу, бүтүндүгү, автономия ж. б. болушу мүмкүн эмес.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8