Демокрит

Wikipedia дан
Демокрит

Демокрит (Х.Т.ч. 460—370-ж. ченде) — байыркы грек философу, Абдерде туулган. Ал көп саякаттап, Египетте, Персияда, Индияда болуп, бир кыйла көп сандагы билимге жетишет. Өзүнүн узакка созулган өмүрүндө коп кырдуу окумуштуу болуп, билимдин эң эле ар түрдүү тармактары: физика, математика, риторика, философия боюнча 70тен ашык эмгектерди жазат. Ал Левкипптин шакирти болгон жана атом теориясынын негизги жоболорун андан алып, аларды андан ары өнүктүргөн.

Демокриттин философиясы[оңдоо]

Атомдук материализм[оңдоо]

Левкипптин жолун жолдоп, Демокрит бардык бар болуп турган нерселер атомдордон жана боштуктардан турат деп эсептейт. Атомдор бөлүнбөй турган бөлүкчөлөр. Атомдор өз ара кошулуп, нерселерди пайда кылат. Алар өз ара формасы, тартиби жана кыймыл-жылыштары боюнча айырмаланышат. Атомдор бир бүтүн нерсе, алар бөлүнбөйт, өзгөрбөйт жана жок болуп да кетпейт. Булардан башка да боштук дегенибиз бар, боштук болбосо нерселердин орун алмашып, кыймылдап жүрүшүнө, ошондой эле тыгызданышына жана коюланышына мүмкүнчүлүк да болбос эле. Боштук өзүнүн касиети боюнча бир тектүү, ал телолорду бирин биринен бөлүп тура алат, ошондой эле нерселердин өз ичинде да бар болуп тура алат жана бул телолордун айрым бөлүктөрүн өз өзүнчө бөлүп тура алат. Атомдордо болсо боштук болбойт, алар абсолюттук тыкыстык менен айырмаланышат.
Декарттын пикири боюнча дүйнөдө сансыз коп атомдор бар. Ошондой эле атомдордун формалары да чексиз. Ошону менен эле бирге Демокрит дүйнөнүн мезгил агымындагы түбөлүктүүлүгүн жана анын мейкиндиктеги чексиздигин да тааныйт. Ал дайыма пайда болуп жана кайрадан өлүп жок болуп турган көптөгөн дүйнөлөрдүн бар экендигине ишенген.
Атомдор жаратылышынан кыймылга ээ жана ал кыймыл атомдордун оз ара кагылышуулары аркылуу пайда болот. Кыймыл өнүгүүнүн негизги булагы катарында чыгат. Демокрит алгачкы (түпкыймыл) кыймыл, биринчи түрткү эч качан болгон эмес, анткени кыймыл атомдордун жашоо ыгы дейт.
Ал Левкипптин жолун жолдоп, ага чейинки философтор айтышкандай эч нерсе жоктон бар болбойт жана себепсиз эч нерсе пайда да болбойт деп эсептеген. Бардык болуп жаткандар ырааттуу зарылдык боюнча болуп турат. Баардыгы атомдордун механикалык кыймылы аркылуу детерминдештирилген. Диоген Лаэртский жазгандай, Демокритте «бардык нерсе детерминдештирилген: ар бир пайда болгон нерсенин себеби — куюн, бул куюнду ал зарылдык деп атайт». Демокрит үчүн кокустук деген жок нерсе, бардык нерсенин өз себеби бар, демек алар кокустук боло албайт. А түгүл бирине бири байланышпаган эки катардагы окуялардын кокустан дал келип кесилишип калышы сыяктуу көрүнүштөрдү да Демокрит зарылдык деп таап, бул окуяга көрүнүштөрдүн себептик тутуму алып келген дейт. Мына ошентип, Демокрит өзүнүн механикалык кыймылды кыймылдын бирден бир формасы деп тааныгандыгынан улам келип чыгуучу ырааттуу детерминизм позициясында турат.

Демокрит

Сезим таанымы[оңдоо]

Демокрит сезим таанымына чоң маани берген. Сезим органдары тарабынан тышкы предметтердин кабылданышын түшүндүрүү үчүн ал агылуу теориясын көтөрүп чыгат. Бул теория боюнча предметтерден ушул предметтерге окшош образдар агылып чыгат. Алар көзгө урунганда предмет жөнүндө элес пайда болот. Сезим таанымы, Демокриттин пикири боюнча, анык тааным болуп саналбайт. Сезим аркылуу келе турган таанымды ал «караңгы» тааным деп атайт, ал чыныгы тааным эмес. Таанымдын чыныгы формасы — ой жүгүртүүнүн жардамы менен жетишиле турган тааным.
Адамдын психикалык иш-аракетин түшүндүрө келип, Демокрит: жан дегенибиз — бул кыймылдагы башталма, сезип-туюунун жана ойлоонун органы деп жазат. Телону кыймылга келтирүү үчүн жан өзү материалдык жана кыймылдагы нерсе болушу керек. Жан атомдордон турат, ошондуктан ал өлөт, анткени адам өлгөндөн кийин жандын атомдору да тарап чачылып кетет.
Демокрит атеисттик көз карашты туткан, муну Аристотель далилдейт. Адамдар кудайларга жаратылыштагы: күндүн күркүрөгөнү, чагылган, күндүн жана айдын тутулушу сыяктуу коркунучтуу кубулуштардын таасири астында ишенип калышкан деп эсептеген.
Өзүнүн саясый көз карашы боюнча, Демокрит грек демократиясынын кызуу жактоочусу болгон, башкаруунун кул ээлөөчүлүк формасын жактаган, аристократтарга каршы күрөшкөн. Ал мындай деп жазат: «Кулчулукка караганда эркиндик канчалык артык болсо, демократиянын тушундагы кедейлик падышалардын тушундагы граждандардын жыргалчылыгы деп аталгандан ошончолук артык».
Этикадан Демокрит индивидуалисттик принципке таянат. Ал үчүн башкы нерсе — бул «ак ниет ой-пикирге жетишүү», «Жакшылыкты ойлогон адам адилеттүү жана мыйзамдуу иш-аракеттерге умтулат, уктабаганда да, уктаганда да шайыр, ден соолукта жана бейкут болот». Этикалык тарбиянын башкы каражаты деп Демокрит ынандырууну эсептеген. «Мыйзамды жана күчтү колдонууга умтулган адамга караганда таасирлентип, ынандыруучу сөздөрдү колдонгон адам мыкты таасир берүүчү адам болуп чыгат».
Демокриттин философиясы бардык кийинки философия үчүн зор роль ойногон.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8