Дем алдыруучу аппарат

Википедия дан

Дем алдыруучу аппаратөпкөгө газдын (аба, кычкылтек, азот жана башка) берилишин камсыз кылуучу түзүлүш. Ал өпкөнүн канын кычкылтекке каныктырып, андан көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Дем алдыруучу аппарат оорунун бетине жабылган беткеп же дем алуу жолуна киргизилген түтүк аркылуу дем алуу органына бириктирилет. Аларга АМБУ жана РО-5 аппараттары кирет. АМБУ аппараты эки жагы клапандуу резина же пластмассадан жасалган баштыкча түрүндө болот. Бир клапаны сырттагы абаны (кычкылтекти) баштыкчанын ичине өткөрүп, ал оорулуунун дем алуу жолун карай газды кысат, экинчи клапан ачылып, жай дем чыгаруу пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1