Дефлектор

Википедия дан

Дефлектор– (лат. deаleсto – четтетем, алып кетем) 1) ар кандай имараттан , ошондой эле темир жол вагондорунан кир абаны сордуруп алуу үчүн түтүктүн (шахтанын) сырткы учуна орнотулган түзүлүш. Кээде дефлектор имараттын ичине абаны берүү үчүн кызмат кылат (мисалы, кемелерде). Дефлектор аба агымынын (шамалдын) кубатын пайдаланууга негизделген. Ал негизинен металл барактарынан (болоттон), айрым учурда бетон, асбест-цемент жана башка материалдан жасалат. 2) Магнит компасынын девиациясын четтетүүчү жана өлчөөчү магниттик курал. 3) Газ агымынын, суюктуктун, чубурма заттардын, үн толкунунун багыттарын өзгөртүүчү жабдык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1