Джеггинс

Википедия дан
Тышкы сүрөттөр
Сайтта Джеггинстин сүрөттөрү Imagecache.asos.com[1]

Джеггинс (англисче: Jeggings) — айымдарга ылайыкталган шым. Адатта джеггинстер жумшак, чоюлчаак кездемеден тигилет, башкача айтканда, лосинанын бир түрү деп койсок болот. Бирок джеггинстин лосинадан айырмасы – ал жынсы шымдарга окшош. Атайын жынсы шымдардыкындай тигиш жана чөнтөктөр менен кооздолот, өңү да жынсы шымга ылайыктуу түстө болот. Маалыматтарга караганда, джеггинстер 2009-жылдардан бери кеңири пайдаланылууда. Мода кууп кийинген айымдардын айтымында, буттары узун жана түз болгон кыздарга бул шымдар жакшы жарашат.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]