Дидактикалык ырлар

Википедия дан

Дидактикалык ырлар — дүйнөлүк адабиятта, анын ичинде кыргыз оозеки чыгармачылыгында кеңири учураган акыл-насаат үйрөтүүчүлүк, бул же тигил коом түзүлгөн ошол мезгил үчүн алдыңкы деп аталган адептик сапаттарга үндөөчүлүк мүнөздөгү чыгармалар. Д. ы-дын жаралышы жалпысынан элдин чыгармачылык жөндөмдүүлүгү менен тыгыз байланышып өнүккөн. Анткени, таалим-тарбия берүүнү атайын максат эткен, жүрүш-туруш эрежелери, оң, терс, жакшы-жаман жөнүндө айтылган таамай сөздөр аркылуу элестүү баяндап турган, зор тарбиялык мааниге ээ курч сөздөрдүн тизмеги Д. ы-дын тобун түзөт. Д. ы. өз ичине философиялык, диний, ыймандык маселелерди камтыйт. "Манас" эпосунун көркөм системасында Д. ы-дын өз орду бар. Санат-насыят, терме, үлгү ырлары, табышмак, тамсилдик, ийбараттык маанилер манасчылар тарабынан окуяларды тереңдетүү, образдарды ачуу, тексттин эмоциялык таасирин күчөтүү, угуучуларды тарбиялоо максатында колдонулат. Эпосто өзгөчө акылман, көптү көргөн, жөн билги каармандардын насааттары катары арбын учурайт. Мисалы, башынан көптү кечирген Алмамбеттин турмуштук тажрыйбадан келип чыккан сөзү бар:

Калк туткасы кан болот,

Казат — улуу жол болот.

Кан кайрылып конгон соң,

Канткенде жылдыз оң болот (Сагымбай Орозбаков, 4. 89).

Д-лык мүнөздөгү ырлар Бакайдын, Чыйырдынын, Каныкейдин, Алмамбеттин ички толгонууларына жык толгон монологдор, өткөн менен азыркы учурду салыштырган адамдар, каармандардын курч кагылышууларын чагылдырган драмалык мүнөздөгү диалогдор аркылуу өздөрүнүн башынан кечирген окуяларынын негизинде кийинкилерге акыл-насаатын айтат. Ошондой эле манасчылардын көркөм баяндоосу аркылуу да ишке ашырылат. Мындай ыр саптары, бизге жеткен кийинки муун эл ырчыларынын (Токтогул, Жеңижок, Барпы) Д. Ы-ына стилдик жактан, образдуулугу жагынан жана идеялык багыты жагынан айрым жалпылыктары бар экени байкалат. Мисалы, Каныкейдин сөзүнөн:

Ат кубаты жал менен,

Адамдын күчү мал менен,

Аарынын күчү бал менен,

Айымдын күчү кан менен

Булуттун күчү жел менен,

Буудандын күчү тер менен,

Улуктун күчү эл менен,

Дыйкандын күчү жер менен,

Кыяндын күчү сел менен,

Катындын күчү эр менен (Сагымбай Орозбаков, 4. 103) деген ыр саптары аркылуу элдин миңдеген жылдар чогулткан философиялык ойлорунун жыйындысы берилгендигин байкоого болот. Д. ы. жаштардын тажрыйбасын кеңейтүүгө, турмуштагы түрдүү шарттарда пайда боло турган корутундулар менен тааныштырууга, таптык сезимин ойготууга, курч көркөм сөздөр менен куралдандырууга, аларды пайдалана билүүнү үйрөнүүгө жардам берет. Кыргыз элинде Д. ы-га макал-ылакаптар, санат-насыят ырлар, табышмактар жана башкалар кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4