Дин майрамдары же диний майрамдар

Википедия дан

Дин майрамдары же диний майрамдар — Кудайлардын, пайгамбарлардын, белгилүү диний окуялардын урматына өткөрүлүүчү атайын майрамдар. Диний майрамдар дүйнөлүк диндер болуп эсептелген буддизмде, христиан дининде, исламда, бир элдин дини болгон иудаизмде ж.б. календарлык майрамдар катары кеңири белгиленет. Кыргыздарда диний майрамдар исламга чейинки шаман дининен эле белгилүү (жаңы жыл же жаз майрамы, Көкө Теңирге сыйынуу, арбактарга түлөө өткөрүү, эскерүү ж.б.) болгон. Диний түшүнүк боюнча бул күндөрдө иштөөгө болбойт. Диний майрамдар алгачкы коомдук түзүлүштүн убагында аңчылыкка, жыйноочулукка, дыйканчылыкка, малчылыкка, кол өнөрчүлүккө ж.б. байланыштуу пайда болгон. Диндин алгачкы этабында дин майрамдарында магиялык ырымдар, салттар башка орунду ээлеген, анткени байыркы адамдар аларды «табияттан тышкары күчкө» таасир кыла алат, ал «күч» болсо калкка жакшы түшүмдү, олжолуу аңчылыкты камсыз кыла алат деп үмүттөнүшкөн. Суверендүү, демократиялык Кыргызстанда диндик майрамдарга жаңы мазмунда мамиле жасалып, жалпы өлкө деңгээлинде майрамдалып жатканына күбөбүз. Мисалы, Орозо айт, Курман айт, Иса пайгамбардын туулган күнү (Рождество Христово) ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]