Дипломатиялык класстар

Википедия дан

Дипломатиялык класстармамлекеттердин чет өлкөлөрдө иштеп жатышкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларына берилүүчү наамдар. Дипломатиялык мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясында (1961) дипломатиялык өкүлчүлүк башчылары үчүн дипломатиялык класстарды ыйгаруу белгиленген. 1) Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчи, Нунций (Ватикан элчиси); 2) Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Өкүл-дипломат, Интернунций; 3) Ишке ишенимдүү Өкүл. Дипломатиялык класстардын укуктук абалдары бирдей. Мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчылыгына элчи дайындалат; өкүл-дипломат жана ишке ишенимдүү өкүлдөр айрым гана учурларда дайындалышы мүмкүн. КРде төмөнкүдөй дипломатиялык класстар белгиленген: КРдин Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси; КРдин Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Өкүл-дипломаты; КР дин ишке ишенимдүү өкүлү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1