Дипломатиялык өкүлчүлүк

Википедия дан

Дипломатиялык өкүлчүлүкмамлекеттин чет өлкөлөр менен катнашуу мекемеси. Туруктуу расмий байланыш жүргүзүү үчүн мамлекеттердин өз ара макулдашуусунун чегинде дипломатиялык өкүлчүлүк түзүлөт жана ал өкүлчүлүк мамлекеттердин ортосунда дипл. мамилелер түзүлгөндөн кийин жиберилет. Дипломатиялык өкүлчүлүк экономикалык, маданий байланыш, саясий маселелер, басма сөз, аскердик атташе, консулдук иштер сыяктуу бөлүмдөрдөн турат. Анын курамы: а) дипломаттар (элчи, атташе, катчылар жана кеңешчилер); б) администратор, в) техникалык кызматкерлер болуп бөлүнөт. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башкы милдети: өз өлкөсүнүн жана анын жарандарынын кызыкчылыгын эл аралык укуктун чегинде коргоо; өзү иштеп турган өлкөнүн өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; ал өлкөнүн саясий турмушу жана анда болуп жаткан окуялар тууралуу мыйзамдуу жол менен өз өкмөтүн кабардар кылып туруу; өз өлкөсүнүн тышкы соодасынын жөнгө салынышы боюнча кам көрүү жана анын кызыкчылыгын коргоо. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн негизги иш-вазийпасына консулдук ишти да кошууга болот. Дипломатиялык өкүлчүлүктү аны аккредиттеген өлкө кайра чакыртып алганда, өлкөлөр ортосунда дипломатиялык байланыш үзүлсө, же алардын ортосунда согуш башталганда ал өз ишин токтотот. Мындай учурларда дипломатиялык өкүлчүлүк жайгашкан имарат, архивдик жана башка материалдар сакталууга жана корголууга тийиш. Аккредиттеген мамлекет өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн, анын мүлкүн, дипломатиялык архивин кайсы бир үчүнчү мамлекеттин өкүлчүлүгүнө ишенип берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1