Диполь

Википедия дан

Диполь (ди... жана гр. pоlos – уюл) – 1) электрдик диполь – бири-биринен белгилүү бир аралыкта жайгашкан, абсолюттук маанилери бирдей, бирок белгилери карама-каршы болгон эки чекиттик заряддан (+е, –е) турган система. Электрдик дипольдун негизги мүнөздөөчүсү – анын дипольдук моменти. Терс заряд менен оң зарядды туташтырган вектор дипольдун ийини, заряддын абсолюттук мааниси (q) менен дипольдун ийинине (l) болгон көбөйтүндүсүнө барабар вектордук чоңдук дипольдук момент ( вектору) деп аталат. Ал мындай туюнтулат: мында l – заряддардын арасындагы аралык. вектору терс заряддан (–е) оң зарядга (+е) багытталат. Дипольдук момент өзүнүн өлчөмүнө караганда чоң аралыктагы бейтарап системанын электр талаасын жана ага тышкы талаанын аракетин аныктайт. 2) абсолюттук чоңдуктары барабар, белгилери карама-каршы эки заряд магниттик дипольдук моментке ээ болуу менен магниттик диполь катары каралат. 3) Кыска толкундарга арналган антеналардын бир түрү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1