Диэлектриктик коромжу

Википедия дан

Диэлектриктик коромжу - өзгөрмө электр талаа энергиясынын диэлектриктик чөйрөдө жылуулукка айланган бөлүгү.

Электр талаасынын чыналышынын чоцдугу, багыты өзгөргөндө диэлектриктик поляризациясы да өзгөрөт. Эгер диэлектрик диполь молекуладан же начар байланышкан иондордон турса, анда ал бөлүкчөлөрдүн багытталышына же жылышына белгилүү убакыт (релаксация убакыты) талап кылынат. Натыйжада поляризация максимуму убакыт боюнча электр талаасынын чыналышынын максимумуна дал келбейт. Электр талаасынын чыналышы менен электр индукция фазаларынын бир бирине дал келбегенн (белгилүү бурчтун түзүлүшү) энергиянын коромжу болушун шарттайт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.