Добулбаев Сапарбек

Википедия дан

Добулбаев Сапарбек (15. 3. 1924, Ой-Кайың кыштоосу - 2006, Тунук кыштагы) - согуштун жана эмгектин ардагери.

Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу. Аскерден 1948-жылдары кайткан. Согуш мезгилинде немистик-фашисттик баскынчыларга каршы 248-полктун курамында согушкан.

«1941-1945-жылдары Улуу Ата-Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалы менен сыйланган. Согуштан кийин дүкөнчү, колхоздо ферма башчысы, бригадир жана Суусамыр МЖСинде комендант, кампачы болуп иштеген. Жолуке уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9