Долдоев Садыржан

Википедия дан

Долдоев Садыржан (7.5. 1952-ж. туулган, Кайсар айылы - жетекчи кызматкер.

Ташкен шаарындагы Электротехникалык байланыш институтун бүтургөн (1978). 1971-73-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөйт.

Эмгек жолун байланыш бөлүмүндө оңдоочу, кийинчерээк Калинин, Панфилов райондорунун байланыш бөлүмдөрүндө инженер, 1985-жылдан Панфилов, КараБуура райондорунда байланыш бөлүмүнүн башчысы, 1994-2003-жылдары «Кыргызтелеком» Ачык акционердик коомунун Талас облустук фшшалынын башкы директору, 2003-жылдан Чүй облусунун Москва райондук филиалында директор болуп иштеп келе жатат.

1995-2000-жылдары Талас облусунун Маймак шаарча кеңешинин депутаты болуп шайланган. «Манас 1000» жана «Ош 3000» юбилейлик медалдары менен сыйланган. Кырбаш уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9