Дооров Абдилаат (Эпохин)

Википедия дан

Дооров Абдилаат (Эпохин) – акын. Лейлек районунун Катраң айылында 1953-жылы 1-сентябрда туулган.

Ал 1969-жылы орто мектепти, 1973-жылы Жалал-Абад шаарындагы зооветтехникумдун «Ветеринария» факультетин аяктаган.

Андан соң Лейлек райондук асыл тукум станциясында веттехник болуп иштеп жүрүп Советтик Армиянын катарына чакырылган. Аскердик кызматын өтөп келгенден кийин «Кулунду» колхозунун ветеринардык врачы, колхоздун комсомол комитетинин катчысы, Лейлек райондук агро-өндүрүш комплексинин профсоюз комитетинин жооптуу катчысы, 1989-жылы Лейлек райондук «Алга» (азыркы «Ата Журт») гезитинин бөлүм башчысы, 1992-жылы Раззаков атындагы колхоздун зоотехник-селекционери, 1992-жылдын декабрь айынан Лейлек райондук «Ата Журт» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенип келет.

Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин 1988-жылы сырттан окуп бүтүргөн.

Чыгармалары республикалык «Жалын» жана «Учкун» альманахтарында, республикалык «Кыргызстан маданияты», «Эркин Тоо», «Кыргыз Туусу» гезиттеринде, «Ала-Тоо», «Тулпар» журналдарында жарык көргөн.

1998-жылы «Миң тамыр» аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн.

Лейлек райондук, Баткен облустук мамлекеттик администрацияларынын Ардак грамоталары, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

1989-жылдан Кыргыз ССРинин Журналисттер союзунун, 2004-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Миң тамыр: Ырлар. - Б.: Сабыр, 1998. - 85 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]