Дорго

Википедия дан

Дорго (моңголчо даруга — башчы, башкаруучу; калмактарда — айыл башчысы)— моңгол доорунда кан тарабынан шаарларды, аймактарды башкаруу үчүн дайындалган мансап титулунун аты. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манастын Акунбешим менен согушу эпизодунда айтылат: Камданайын акыр деп Доргосунан чаптырды. Алты дорго чакырды Ар тарапка чаптырды (Сагымбай Орозбаков, 2. 35, 72).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4