Дорохов Иван Семёнович

Википедия дан

Дорохов Иван Семёнович (1762- 26. 4(8. 5). 1815) - 1812-жылдагы Ата Мек. согуштун баатыры, генерал-лейтенант (1812).

Инженердик кадет корпусун (1787) бутуруп, 1787-91-ж. орус-турк согушуна катышат. 1795-ж. атчан аскерде, 1803-ж. Изюмдук гусарлар полкунун шефи болуп турган жана 1806-07-ж. Францияга каршы согушкан. 1812-ж. 2-армиянын арьергардына командачылык кылган. Бородино салгылашында Семёнов кышындагы 4-атчандар полкунун чабуулун башкарып, душмандын мизин кай- тарган. 6-сентябрда партизандык отрядга командир болуп, 29-сентябрда Верея аймагын бошоткон. 7-октябрда Наполеондун Москвадан чегингендиги жөнүндө М. И. Кутузовго кабарлаган. Малоярославецтин жанында оор жарадар болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.