Жек Дорси

Википедия дан
Дорси, Джек‎»‎ барагынан багытталды)
Жек Дорси
Jack Dorsey
Ишмердүүлүк тармагы:

программист, ишкер

Туулган датасы:

19 -ноябрь 1976(1976-11-19) (47 жаш)

Туулган жери:

Сент-Луис, Миссури штатты, АКШ

Жарандыгы:

 АКШ

Атасы:

Тим Дорси

Апасы:

Маршия Дорси

Жек Патрик Дорси (англ. Jack Patrick Dorsey[1]) — 1976-жылы 19-Ноябрда туулган. Ал америкалык программист жана ишкер. Дорсини Twitter негиздөөчүсү деп таанышат жана аны MIT Technology Review 35 жашка чыга элек залкар новатор деп тааныган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Миссури штатына караштуу Сен-Луис шаарында чоноюп,14 жашында эле маршрутизатор жана диспетчердик кызматтарга кызыга баштаган. Логистика тууралуу ал түзгөн коду ачык программалардын түрлөрүнүн кээ бирлерин такси уюмдары азыркы күнгө чейин колдонулат.

Bishop DuBourg High School атындагы орто мектепке барган, Нью-Йорк университетине өтүүдөн мурун Миссури университетине да барып жүрүп, ошол жерде биринчи жолу Twitter компаниясын түзүү оюна келген. Ал программист катары диспетчердик кызматта иштеп жүрүп, кийинчерээк Калифорнияга көчүп келген.

Дорси Оклендде 2000-жылы курьерлер, такси, авариялык кызматын интернет аркылуу жиберүү кызматын жаратты.

2000-жылы июлда диспетчер тажрыйбасына таянып, “Жандуу журналга” жана мүмкүн AOL Instant Messenger кызматына кызыгып, кыска билдирүү жөнөтүүчү веб кызматын түзүү идеясы оюна келди.

Ал качан биринчи жолу ыкчам билдирүүлөрдү көргөндө, Дорси суроо берет: колдонуучунун статусу досторунун арасында оной жайылууга мумкунбу?

Ал Odeo долбооруна барат. Азыркы учурда жазуу каттарынын койгойу менен курошкон долбоор.

Статус тексти катары СМС билдирүүлөрдү жайгаштырууга болот деген идеяны Дорси жана Биз Стоун ишке эки жуманын ичинде ишке ашырышат.

Бул Твиттердин прототиби эле. Бул идея Одео колдонучуларга жана Блогер Эвана Уильямса инвестицыялады.

Twitter, Inc[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дорси, Стоун жана Уильямс Obvious компаниянын негиздечуусу болуп калышкан, 2008-жылдын 16- октябрында компаниянан Twitter, Inc болунуп чыккан.

Уильямс озуно генералдык деректордун ролун алган, а Дорси кенеш башчысы болгон. Сервистин популярдуулугу осуп баштаганда, негизги приоритет катарынан Дорси жумуштун колдон келгенин жакшырткан.

Твиттер жана биткоин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Twitter компаниясы Lightning Network Strike платформасы менен интеграцияланып, Биткойн базарына кирди. Twitter колдонуучулары эми Биткоинди платформанын башка колдонуучуларына которо алышат.[2]

Джек Дорси, Twitter компаниясынын башкы директору, BTC кызматын расмий кылды, бул колдонуучуларга платформада коопсуз жана заматта дүйнө жүзү боюнча эч кимге кынтыксыз төлөөгө мүмкүндүк берди.[3]

Strike платформасы көрсөткөн видеодо Twitter баалуулукту коопсуз которуу үчүн эң эффективдүү платформалардын бири болду.

Учурда функция iOS колдонуучулары үчүн гана жеткиликтүү. Бирок, пресса менен болгон жолугушууда Twitter бул функция жакын арада Android колдонуучуларына да жеткиликтүү болоорун билдирди.[4]

Аналитиктер ири медиа аянтчалардын бирине BTC өзгөчөлүгүн кошуу, албетте, сөзсүз түрдө BTC активине болгон суроо-талапты көбөйтө алат деп эсептешет.[5]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Marcia Dorsey Twitter
  2. Strike Launches Its API Platform for Businesses and Partners With Twitter to Power Instant Global Payments Using Bitcoin. businesswire.com. Текшерилген күнү 22 -август (баш оона) 2022.
  3. KuCoin Weekly Technical Overview: Bitcoin’s Support Levels Hold Yet Again. kucoin.com. Текшерилген күнү 22 -август (баш оона) 2022.
  4. Bringing Tips to everyone. blog.twitter.com. Текшерилген күнү 22 -август (баш оона) 2022.
  5. Twitter to Add Bitcoin Lightning Tips, NFT Authentication. coindesk.com. Текшерилген күнү 22 -август (баш оона) 2022. Түп булактан архивделген күнү 22 -август (баш оона) 2022.