Досматов Багышбек

Википедия дан

Досматов Багышбек (1924, Жаңы-Базар айылы - 2001, ошол эле жер) - коомдук ишмер.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942-15). Республикалык партиялык мектепти бүткөн (1962).

  • 1942-ж.Чаткал райондук прокуратурасында катчы,
  • 1945-16-жылдары райондук комсомол комитетинин 1-катчысы,
  • 1946-61-жылдары райкомдун партиялык уюштуруу бөлумүнүн башчысы, Чандалаш айылдык кеңешинин төрагасы, Фрунзе атындагы колхоздун башкармалыгынын төрагасы,
  • 1970-72-жылдары «Чаткал» совхозунун жумушчулар комитетинин төрагасы,
  • 1972-86-жылдары парткомдун катчысы болуп иштеген.

Райондук, айылдык кеңештеринин бир нече жолку депутаты болуп шайланган. I даражадагы “Ата Мекендик Согуш” ордени, «Каармандыгы үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун «Ардак грамотасы» менен сыйланган. Ысмы Жаңы-Базар айылынын борбордук көчөсүнө берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6