Досматов Муратбек Багышбекович

Википедия дан

Досматов Муратбек Багышбекович (24.9.1961-ж.т., Жаңы-Базар айылы) - коомдук ишмер.

Ош мамлекеттик педагогика институтун (1985), Кыргыз мамлекеттик университетин (юриспруденция, 1995) бүткөн.

  • 1978-80-жылдары “Чаткал” совхозунда жумушчу,
  • 1985-90-жылдары “Чаткал” совхозунун комсомол комитетинин катчысы, Чаткал райондук комсомол комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 2-катчысы,
  • 1-катчысы,
  • 1990-91-жылдары Чаткал райком партиясынын идеология бөлүмүнүн башчысы,
  • 1991-93-жылдары Каныш-Кыя орто мектебинин мугалими, «Кыргыз тили» коомунун жооптуу катчысы,
  • 1993-95-жылдары Чаткал райондук кеңешинин төрагасы,
  • 1995-97-жылдары Чаткал райондук администрациясынын башчысынын орун басары, аппарат жетекчиси,
  • 1997-99-жылдары Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, башкы адиси, референти, губернатордун жардамчысы,
  • 1999-2002-жылдары Аксы райондук администрациясынын башчысынын 1-орун басары,
  • 2002-03-жылдары Жалал-Абад облустук администрациясынын транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, уюштуруу жана жергиликтүү башкаруу бөлүмүнүн башкы инспектору,
  • 2003-06-жылдары Жалал-Абад облустук эмгек боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкы инспектору, начальниги болуп иштеген.
  • 2007-жылдан Чагкал райондук админис i рациясынын башчысынын орун басары.

«Ош-ЗООО», «Кыргыз Рес публикасып ын 10 жылдыгы» юбилейлик медалдары, Жалал-Абад облустук администрациясынын, Кеңешинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6