Доңкулдактар

Википедия дан
кара доңкулдак (Driocopus martius).

Доңкулдактар, тоңкулдактар (Picidae) – куштардын доңкулдак сымалдар түркүмүнүн тукуму. Доңкулдактар көбүнчө токойдо жашайт. Дене узундугу 9–56 см, баш сөөгү чың, тумшугу көзөөч сымал учтуу, катуу мүйүз кабык менен капталган; моюн булчуңу күчтүү болуп, жем издегенде же уя салганда жыгачты оюп тешет. Буту кыска, тырмагы катуу, учтуу, манжалары узун, эки манжасы алга, экөө артка карайт, даракка жармашып, жөргөлөп жүрүүгө ыңгайланган. Куйрук чалгындары катуу, бак-даракты тешкенде таяныч болот. Айрым доңкулдактардын тумшугу начар жана куйрук канаты жумшак болуп (Мисалы, сойкубаш доңкулдактар) жыгач теше албайт, чириген, жумшак жыгачты гана тешет. Доңкулдактар узун, ичке тилин сунуп жыгачтан, кабык астынан жемин таап жейт. Жабышкак шилекей бөлүп чыгаргандыктан, курт-кумурскалар тилине жабышып же сайылып калат. Айрым доңкулдактар курт-кумурскаларды жерден тили менен алып жейт. Доңкулдактар жыгачтын же ири кактустардын коңулуна, чөлдө жа шагандары ийинге же таштын арасына уялайт, 2–12 жумуртка тууйт. Балапандары жылаңач чыгат. 213 түрү кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 15, Кыргызстанда 4 түрү кездешет. Доңкулдактар курт-кумурска, өсүмдүк мөмөсү, уругу, дарак ширеси менен азыктанат. Кээде башка куштардын уясын бүлдүрөт. 4 түрү, 8 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл Китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1