Мазмунга өтүү

Дрeженкова Евгения Степановна

Википедия дан

Дрeженкова Евгения Степановна (1917-ж. туулган, Харьков облусу, Вольчанский району, Рубежный кыштагы) – айыл чарба ишмери, айыл чарба илимдеринин кандидаты (1965), Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген зоотехниги (1947). 1938-ж. Харьков зоотехникалык институтун бүткөн. 1938–49-ж. Ысык-Көл, Ош облусунун чарбаларында зоотехник, 1949-жылдан Кыргызстан мал чарба ИИИде улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы. Тян-Шань коюн чыгаргандардын бири. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1