Дуалдык башкаруу

Википедия дан

Дуалдык башкаруу (лат. dualis – эки тараптуу) – автоматтык башкаруу формасы. Мында башкаруу эки тараптуу болуп, башкарылуучу объектини изилдөө жана аны керектүү (оптималдуу) абалга келтирүү үчүн кызмат кылат. Дуалдык башкаруу объектинин кыймыл ылдамдыгы белгисиз, ошондой эле башкаруунун оптималдуу алдын ала эсептөөгө баштапкы маалымат жетишсиз болгон учурда колдонулат. Дуалдык башкаруу тармагында башкаруу объектисинин капысынан өзгөрүүчү мүнөздөмөсүн активдүү изилдөө каралган. Бул учурда объектинин кире беришине үйрөнүлүүчү аракеттер берилет, ал эми объектинин реакциясы башкаруучу түзүлүш аркылуу анализделет. Ошондуктан башкаруучу аракеттер объектини башкаруу гана эмес, бир эле убакта изилдөө үчүн колдонулат. Дуалдык башкаруу теориясы советтик окумуштуу А. А. Фельдбаум тарабынан 1950-жылдардын аяк ченинде иштелип чыккан. Өнөр жайдагы экстремалдуу жөндөгүчтөр, автоматтык оптималдагычтар дуалдык башкаруу системасына кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1