Думалар

Википедия дан

Думалар – украин оозеки музыкалык фольклорунун эпика-лирикалык жанры. Мазмуну боюнча тарыхый окуяларга арналат. Думалар 15–17-кылымда казак орус демократиясынын өзгөчө шарттарында пайда болгон. Думалардын репертуарынын негизги бөлүгүн сокур ырчылар – кобзарлар (бандурачылар) түзгөн. Думаларда татар-түрктүн колуна түшкөн украин кул туткундардын көргөн азап-тозогу, поляк шляхтасынын эзүүсүнө каршы украин элинин боштондук согушу баяндалган. Кийин Улуу Октябрь революциясы, Граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө думалар пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1