Дуплекс-процесс (металлургияда)

Википедия дан

Дуплекс-процесс (металлургияда) - удаалаш эки агрегатта болот эритүү процесси. Дуплекс-процесс биринчи жолу 19-кылымдын экинчи жарымында колдонула баштап, ар кандай агрегаттардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзгөн. Мисалы, дуплекс-процесс электр мешинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат (башкача айтканда сапаттуу болот өндүрүүнү көбөйтөт), ошондой эле электр кубатынын жумшалышын салыштырмалуу азайтат. Бул электр мешинен эриген шихтаны алып чыгуу жана металлдын бир бөлүгүн чакмактоо аркылуу жетишилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]