Дурсун Йылдырым

Википедия дан

Дурсун Йылдырым (1946, Ризе шаары, Түркия) — түрк окумуштуусу, "Манас" изилдөөчү. Анкарадагы Хажеттепе университетинин профессору. 1968-ж. Истамбул университетин бүтүргөн.

1975-ж. "Түрк адабиятында Векташ типтүү мыскылдар" деген темада илимий диссертация коргоп, докторлук даража алган. Бул эмгеги 1976-ж. өзүнчө китеп болуп жарыяланган. 1979-ж. ""Манас" дастаны жана Көкөтөй хандын жомогу" деген темада атайын илимий иш жазып, доценттик наам алган. Ошол эле жылы бул илим-изилдөөсү өзүнчө китеп болуп, Анкарадан жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4