Дүйшеев Ызак

Википедия дан

Дүйшеев Ызак (1907, Такталык айылы - 1965 ) - эмгек ардагери.

  • 1925-жылдан «Такталык» колхозунда бригадир, учетчик,
  • 1930-36-ж. “8-Март” колхозунда башкарма,
  • 1936-40-ж. Фрунзе шаарындагы Эл комиссарлар Советинин алдындагы атайын окуу жайдын угуучусу,
  • 1940-45-ж. райондук даярдоо кеңсесинин кызматкери,
  • 1946-49-ж. Кызылураан колхозунун башкармасы,
  • 1954-65-ж. Үчтерек айылдык Кеңешинин төрагасы. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамотасы менен сыйланган.
  • Такталык айылындагы орто мектепке Дүйшеев Ызактын ысмы ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5