Дөрө-Суу мрамор оникси кени

Википедия дан

Дөрө-Суу мрамор оникси кениЫсык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда, Чырпыкты кыштагынан 15 км Түндүк-батышта, Күнгөй Ала-Тоонун Түштүк капталындагы Дөрө-Суунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте жайгашкан. 1966-ж. табылган. Кен аймагын палеогендин конгломераты менен ордовиктин аягында пайда болгон гранит интрузиясы түзөт. Мрамор оникси көптөгөн майда тарамдар түрүндө, конгломерат менен граниттин кошулган жериндеги тектон. жаракада топтолгон. Алар топтолгон жердин жалпы аянты 50 м2. Тарамчалардын калыңдыгы 1 смден 30–50 смге чейин. Майда темгилдүү оникс саргыч арагонит менен кезектешип жайгашуусу боюнча айырмаланат. Арагониттүү мрамор оникси кооз, жездей сары түстө. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 10ґ10ґ15 см. Запасы 70 м3. Белектик кооз буюмдарды, арагониттүү оникстен зергерчиликке керектүү асыл таштарды алууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1