Ефименко Татьяна Александровна

Википедия дан

Ефименко Татьяна Александровна (2.1.1981-ж. туулган, Бишкек) – Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика (бийиктикке секирүү) боюнча эмгек сиңирген спорт чебери (1998). Азиянын 6 жолку (жаштар арасында – 1997, 1999; КРдин курама командасында – 2002, 2005, 2007, 2008) чемпиону. Азия оюндарынын (Пусан, 2002) жана көптөгөн эл аралык турнирлердин («Дети Азии» жана башка) жеңүүчүсү. Олимпия оюндарынын катышуучусу (Сидней, 2002; Афины, 2004; Пекин, 2008). 2003-ж. 1 м 97 см бийиктиктен секирип, Римдин супер гран-присинде байгелүү орунга татыган. «Даңк» медалы менен сыйланган (2002).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1