Жаак

Википедия дан

Жаак – чек, кошулган деген мааниде. Бул түшүнүк адистердин пикири б-ча моңгол тилинин «зааг» деген сөзүнөн келип чыккан. Чындыгында эле «Жаак» деген жер Сарыжаз м-н Акшыйрактын чегинде жайгашкан.

Ал эми башкы «з» тыбышынын кыргызча «ж» тыбышына туура келиши закон ченемдүү көрүнүш. Мисалы, моңголчо, «зават» - кыргызча «жабык» (туурдук м-н үзүктүн ортосу), «завсар» – жапсар, «зар» –жар, ж. б. Топоним катары да кездешет. Мис., Жети-Өгүз районундагы жердин ж-а суунун аты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2