Жагалмай мөңгүсү

Википедия дан

Жагалмай мөңгүсүБорколдой кырка тоосуна Чакыркорум тоосу тутумдашкан жеринде жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 9,6 км, аянты 13,3 км2. Чоң Нарын суусунун сол куймасы – Караколдун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5070 м, этеги 3870 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4370 м. Абляция облусунун аянты 9,2 км2. Мөңгүдөн Каракол суусунун оң курамы – Жагалмай башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]