Жайнычылыктын гносеологиясы

Википедия дан

Жайнычылыктын гносеологиясы – таанып-билүүнүн эки түрүн ажыратат:

1. Тажрыйбага жана акылга негизделген төмөнкү (кемтиктүү) таанып-билүү; 2. Интуицияга негизделген жогорку (кемтиксиз) таанып-билүү.

Экинчи түрдөгү таанып-билүү материалдуу дүйнөнүн чырмоогунан бошогондордун гана колунан келет. Акылга жана тажрыйбага негизделген таанып-билүү оомалуу-төкмөлүү материалдуу дүйнөнү изилдегендиктен, салыштырмалуу гана мүнөзгө ээ. Жайнычылыктын салыштырмалуу теориясы сьядва деп аталат. Батыш логикасында ой толгоолор ырастоочу (мисалы, Мишель студент) жана тануучу (мисалы., Мишел мугалим эмес) эки тибин ажыратат. Жогоруда аталган эки типти кошуп эсептегенде, жайнычылыкта ой толгоонун жети түрүн (сапта-бханганая) бөлүп көрсөтүшкөн. Жайнычылыкта ой толгоолор чектүү жана салыштырмалуу мүнөзгө ээ, ошондуктан, ар бир ой толгоого сьят (сыягы) деген сөздү кошуу керек деп белгилешкен.

1. Бардык ырастоочу ой толгоолор символикалуу түрдө “S сыягы Р” (сьят асти) формуласы аркылуу берилет. Мисалы:“кумара сыягы кара түстө”.

2. Бардык тануучу ой толгоолордун жалпы формуласы: “S сыягы Р” (сьят насти). Мисалы, “кумара сыягы кара түстө эмес”.

3. Татаал кубулушту сүрөттөөдө: “S сыягы Р, ошондой эле Р эмес” (сьят асти ча, насти ча) формуласы колдонулат. Мисалы, “кумара сыягы кара түстө, кээде ал кара түскө ээ эмес”.

4. Эгер кубулушту сүрөттөөгө мүмкүн болбосо “S сыягы сүрөттөлбөйт” (сьят авактавьям) формуласы колдонулат. Мисалы, кумара чийки кезинде кара түстө, ал эми аны бышырганда, ал кызыл түскө өтөт. Демек, мындай шарттарда кумаранын чыныгы түсү кандай экенин аныктай албайбыз.

5.Ой толгоолордун калган типтери алгачкы үч формуланы ар бирин төртүнчүсү менен кезек-кезек жалгаштыруунун натыйжасында алынат. Мисалы, ой толгоонун биринчи тибин төртүнчүсү менен жалгаштыруу аркылуу бешинчи типтеги ой толгоону алабыз: ”S сыягы Р жана ал сүрөттөлбөйт” (сьят асти ча, авактавьям ча). Мисалы, “Кумаранын сыягы кара түстө, ошондой эле ал кээде сүрөттөлбөйт”.

6. Ой толгоонун экинчи жана төртүнчү типтерин бириктирүү менен алтынчы формуланы алабыз: “S сыягы P эмес жана ал сүрөттөлбөйт” (сьят насти ча, авактавьям ча).

7. Ой толгоонун үчүнчү тибин төртүнчүсү менен жалгаштырууда “S сыягы Р, ошондой эле S сыягы Р эмес жана ал сүрөттөлбөйт” (сьят асти ча, насти ча, авактавьям ча) деген формула алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]