Жакындан начар көрүү

Википедия дан

Жакындан начар көрүү (гиперметропия) — көрүүнүн кемчилдиги, буюмду бүдөмүк көрүү (өзгөчө жакындан). Мында буюмдан чагылган нур көздүн тор кабыкчасына түшпөстөн, анын артына өтүп кетет. Жакындан начар көрүү көздүн тунук челинин жана чечекейинин сындыруу күчүнүн начарлыгына же көздүн алдыңкы-арткы огунун кыскалыгына байланыштуу болот. Ал тубаса же кийин пайда болот. Дээрлик бардык балдар төрөлгөндө жакынды начар көрүшөт, бирок өсүү жана өнүгүү процессинде (10 жаш чамасында) көпчүлүгүнүн көрүүсү калыбына келет.

Линзанын жардамы менен көздүн бузулуусн оңдоо

Жакындан начар көрүүнүн бир аз жана орточо даражасында ( + 3 диоптрийге чейин) көздүн курчтугу адатта өзгөрбөйт, ошондуктан атайын көз айнек менен жөнгө салуунун (коррекциялоонун) зарылчылыгы жок. Анын жогорураак даражасында (диоптрий +5тен ашканда) кээде көздүн курчтугу бузулат, көз айнек тагынганда көрүү кадимки абалына келбейт. Жакындан начар көрүү күчөгөндө көз айнекти пайдаланбаган кишилердин көзү бат чарчап башы ооруйт, чекеси уюп, көздө басым байкалат, окуганда тамгаларды ажырата албай калат. Окууну токтоткондо көрүү убактылуу калыбына келет. Мектеп окуучуларында баш оору пайда болсо, врачка кайрылуу зарыл. Жакындан начар көрүүсү байкалган балдар көз айнек тагынуусу керек. Айрым учурда балдарда ал күчөсө көз чалыр болуп калат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8