Жалгыз-Өрүк нефрит кени

Википедия дан

Жалгыз-Өрүк нефрит кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Каба кыштагынан 10 км түндүктө, Кансай коктусунун башында. Кен аймагын Таш-Көмүр мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ тектери түзөт. Аларды гранит-диорит интрузиясы жиреп чыккан. Акиташ тектери интрузия менен кошулган жерлерде мраморлошуп, айрым жерде доломиттешип калган. Бул зонада калыңдыгы 1 м, узундугу 10 мге жеткен эпидозиттин тулкулары кезигет. Мында, ошондой эле калыңдыгы 1 смге жеткен тарамдар түрүндөгү нефрит бар. Нефрит ачык жашыл түстө. Андан кооз жана асем буюмдарды жасоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]