Жалпы тил илими

Википедия дан

Жалпы тил илимитил илиминин бир бөлүгү; максаты – тилдик кубулуштарды теориялык жактан мүнөздөө жана аны изилдөө ыкмаларын негиздөөнөр жай тил илими тилди универсалдуу феномен катары анын табиятын, маңызын, жаралышын, тарыхый мыйзамченемдүүлүктөрүн, коомдогу кызматын, башка илимдер менен болгон катышын, структуралык жана социалдык түзүлүшүн изилдейт. Тилди структуралык жактан изилдөөдө ал ар бир конкреттүү тилге тиешелүү ички мыйзамченеми бар бир бүтүн структура катары каралат; социалдык жактан изилденгенде, тилдин коомдук процесстер менен байланышы, социалдык жана аймактык тарамдалышы, структуралык-стилдик вариативдүүлүгү жана башка жактары иликтенет. Дүйнөлүк тилдерге бирдей мүнөздүү жалпы касиеттерди аныктоо жана жалпы универсалдуулуктун илимий-теориясы, методологиялык негизин, принцип, аспектилерин белгилөө орчундуу маселе болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1