Жамгырлатып сугаруу

Википедия дан

Жамгырлатып сугаруу, жаадырып сугаруу – айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу ыкмасы; мында атайын техника түзүлүштөр менен өсүмдүккө жана кыртыш бетине суу жамгырдай чачыратылат. Каптатып же бороздоп сугарууга караганда Жамгырлатып сугаруу көп артыкчылыкка ээ. Топурак жана өсүмдүктүн нымдуулугу жакшырып, температурасы төмөндөйт, өсүмдүк жалбырагындагы чаң жуулуп, дем алуусу, сиңириши жакшырат, органикалык заттар көп топтолот. Топуракка ным тез тарагандыктан, аэрация жакшырат. Жамгырлатып сугарууда абада суу тамчысы кычкылтекке каныгат, топурактагы микробиологиялык процесстер ылдамдап, күрдүүлүгү артат. Жамгырлатып сугарууда айрыкча чай, жашылча өсүмдүктөрүнүн сапаты жакшырып, түшүмү жогорулайт. Сугат өлчөмүн каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул учурда ным жакшы сакталып, топурактын кубаты бузулбай, өсүмдүк текши өсүп, сугатчынын эмгеги жеңилдеп, сугат менен жер семирткич да кошо чачууга мүмкүндүк болот. Вегетация мезгилиндеги Жамгырлатып сугарууда суу жерге тегиз таралып, текши сиңет, суу коромжуга учу­рабайт. Мында сугат нормасы өсүмдүктүн түрүнө жана топурак-климат шартына, ошондой эле жамгырлатма машинанын түрүнө жараша болот. Үзгүлтүксүз сугарууда топурак нымды жакшы тартат. Сугаттын сапаты чачыраган суу тамчысынын өлчөмүнө (1,5–2 мм), топурактын курамына жана башка жараша болот. Жерди текши сугаруу үчүн көбүнчө жакын аралыкка чачыратуучу жамгырлатма машина жана курулмалар пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1