Жамгырчы

Википедия дан

Жамгырчы — каарман, уруу башчы кандардын бири. Көпчүлүк учурда эштектердин Жамгырчы делип туруктуу эпитет менен айтылат. Эштек аттуу урууну ичине камтыган бас деген журттун каны, кол башчысы, баатыры катары баяндалат: "Эштектердин Жамгырчы, Бас журтунда бу бир кан" (Сагымбай Орозбаков, 3. 61). Ж. борборунда турган атайын эпикалык сюжет жок. Түрк урууларынын биримдиги, биргелеш өткөргөн жыйындары же казаттары баяндалган эпизоддордун бардыгында Ж. уруу башчы катары көрсөтүлөт. Көкөтөйдүн ашына Ж. өзүнүн колу, эли менен катышат. Ж.— Манаска каршы кутум уюштурган жети кандын бири, күүлөнүп барып, Манастын сүрүн көргөндө аны менен басташмакчы болгон максатынан кайра тарткан кандардын эң алдыңкысы:

Каршы келген Жамгырчы

Каарына тура албай...

Улук эрди көргөндө

Учуп түштү атынан,

Кол куушуруп бооруна (Сагымбай Орозбаков, 4. 47).

"Чоң казатка" да өз колу менен катышып эрдик көрсөтөт, кытай, калмактарды жеңүүдө үлүшүн кошот. Семетей Таласка кайрылып келгенден кийин Ж. Семетейге канатташ жашап, керек учурларда акыл-насаатын айтып турат. Эпостун бүт дээрлик варианттарында кыргыз кандарынын бири катары айтылса, Валиханов, Чокан жазып алган эпизоддо карама-каршы планда берилип, Көкөтөйдүн ашында эр сайышка чыккан "каапырдын каны" Ж. Манастан жеңилип калганы сүрөттөлөт ( Валиханов, Чокан жазып алган эпизод, "Ала-Тоо", 1979, № 7, 87—88-б.). "Мажму ат-таварихте" Иамгурчи аталып, Фулад менен бирге Манасия шаарына жортуулга барган ногой эмири делет, к. Йамгурчи.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4