Мазмунга өтүү

Жандралиев Жекшен Эмилгазиевич

Википедия дан

Жандралиев Жекшен Эмилгазиевич (28. 2. 1956-ж. туулган, Панфилов району, Букара кыштагы) - укук коргоочу.

Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүргөн (1985). Эмгек жолун ошол эле жылы Калинин (Жайыл) райондук сотунда стажёр болуп баштаган.

1986-жылдын башынан Адилет министрлигинде улук косультант (1987), Калинин райондук сотунун судьясы (198791), ошол эле жерде соттун төрагасы (1991-96), Токмок шаардык сотунун (1996-99), Ош облустук сотунун (1999-2003) төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси болуп эмгектенген. 2005-жылдын июну нан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчиси болуп иштеп келе жатат. Кыргыз Республикасынын (2008) жана Жогорку сотунун (2007) Ардак грамоталарын, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн II даражадагы Улуу Петр ордени менен сыйланган.

Россия Федерадиясынын коопсуздук жана укук коргоо академиясынын анык мүчөсү - академик болуп шайланган. Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын IV жыйынын даярдоодо жана өткөрүүдө активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы буйрук менен алкыш жарыялаган. Теги суусамырлык, токтогон уруусунан.

Белек байдын чөбөрөсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9