Жануучу бет

Википедия дан

Жануучу бет(Тouchpad -Сенсорная поверхность) же көрсөткүч жаздыкчасы деп аталып, ал тик бурчтуу тегиздик түрүндө болот жана тегиздикке манжаларды жанып кыймылдатуу менен чычкан көрсөткүчү жылдырылат. Көп-чүлүк жануу жаздыкчаларында манжанын кыймылын жана ордун билиш үчүн жануучу тегиздиктин астына электрондук торчолор орнотулат. Кээ бир жануу жаздыкчалар чычкандыкы сыяктуу баскычтар менен кошумчаланат, айрымдарында баскычтар аткарган аракет жануу жаздыкчасынын бетин манжа менен ургулап аткартылат. Көбүнчө жануу жаздыкчалар колдо алып жүрүүчү компьютерлерде орнотулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]