Жаныбек Алыкулов

Википедия дан

Алыкулов Жаныбек Алымжанович (Шорпо) (1960, Аксы р-ну, Жаңыжол айылы) - куудул азан чакырып коюлган аты Жаныжолбек; эл аралык куудулдар фестивалынын лауреаты (1998; Алматы ш.), Гран-принин (баш байге) ээси (1991-2000; Астана).

1987-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. 1980-87-ж. Токтогул, Жетиген, Музтөр орто мектептеринде мугалим, 1983-ж. Токтогул райондук пионерлер үйүнүн, 1985 -86-ж. райондук маданият үйүнүн директору, маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1989-91-ж. Ош филармониясында, Бишкектеги Шаршен Термечиков атындагы куудулдар театрында артист болуп иштейт.

1991-жылдан “Чоңко” (“Чоң куудулдар Ордосу”) маданий борборунун президенти.

Ал эл куудулдары Шаршен, Бекназар, Куйручуктун куйкумдуу чакан аңгемелерин, кептерин, тамашаларын мыкты билет. Өзү жашап жаткан замандын оош-кыйыш, жаман-жакшы жагын сындап, айрым аттуу-баштуу инсандарды туурайт. Тили курч, куйкумдуу, туубаса куудулдук шыкка мол.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5