Жапаров Тынайбек

Википедия дан

Жапаров Тынайбек (1. 1. 1953-ж. туулган.

Жумгал району - техника илимдеринин кандидаты, мамлекеттик жетекчи кызматкер.

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун (1976) жана Ташкендеги Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн (1996). Эмгек жолун 1976-79-жылдары Жумгал районундагы «Жумгал» совхозунда инженер болуп иштөөдөн баштаган.

1979-83-жылдары Жумгал районундагы «Көкөмерен» совхозунда парткомдун катчысы, Нарын облустук партия комитетинде инструктор, 1983-84-жылдары Ак-Талаа районунда айылчарба башкармалыгынын башчысы болгон.

1986-90-жылдары Жумгал райондук айыл чарба техникасынын башчысы, Суусамырдагы Кызыл-Ой совхозунун директору болуп эмгектенген. 199091-жылдары партиянын Кант райондук комитетинде инструктор, 1991-2000-жылдары Кант шаарындагы Кыргыз нефтепродукция ПМКнын башчысы, Айыл жана суу чарба министрлигинин Түндүк ПМКсынын башчысы, 2000-06-жылдары Республикалык жайытмелиорация курулуштары бирикмесиин башкы директору, Айыл жана суу чарба министрлигиндеги жайыт жана ППКР департаментинин Башкы директору болуп иштеген.

2006-жылдан К. И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинде айыл чарба мелиорациясы кафедрасында окутуучу, доцент болуп иштеп келе жатат. Ал 12 илимий эмгектин автору жана 2 ойлоп чыгаруунун ээси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9