Жапкак

Википедия дан

Жапкак - аңчы карды жиребей, анын үстүңкү бети менен басуусу үчүн иштелип чыккан атайын жасалга. Аңчынын аягының ээлеген аянты канчалык кенен болсо, басым ошончолук аз болуп, кар үстүндө турууга мүмкүнчүлүк болгон. Жапкактын көлөмү аңчынын бут кийиминин таманынан беш-алты эсе чоң жасалган.[1]

Көрүнүшү, жыгачтан чабылып кол элек сыяктуу тегерете кырынан ийилген алкакка туш тарабынан териден жасалган жип тартылган. Адам анын үстүнө орто жерине бутун коюп байлап алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4