Жардам:Стиль колдонмосуна киришүү/5

Википедия дан

Макала бөлүмдөрү
Макалаларды окууга ыңгайлуу кылуу

Сүрөттөр жана булактар
Текстти байытуу

Шилтемелер
Энциклопедияны бириктирүү

Ырааттуулук
Ойлоно турган кичинекей нерселер

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Жогорудагы стиль колдонмосунда бардык стилдик пункттар боюнча кеңири көрсөтмөлөр камтылды. Төмөндө кеңеш керек болчу учурлар боюнча мисалдар келтирилди.

Тил

Кыргыз википедиясы кыргыз тилинин аймактык өзгөчөлүгүн же эч бир диалектин артык көрбөйт. Макалаларда ырааттуулук сакталуусу үчүн кыргыз википедиясы расмий түрдө кабыл алынган кыргыз тил нормаларын, орфографиясын, грамматикасын жана башка керектүү эрежелерин негизге алат.

Мен, биз жана сиз сыяктуу сөздөрдөн алыс болуңуз.
Макала жазууда эскертүү, эсиңде болсун деген сыяктуу сөз айкаштарынан жана албетте, чындыгында, ачык-айкын сыяктуу сөздөрдөн алыс болуңуз.

Даталар жана сандар

Убакыттын өтүшү менен эскирип, маанисин жогото турган сөз айкаштарын пайдалануудан алыс болуңуз (мисалы;жакында).

#1 деп жазбаңыз, анын ордуна биринчи номер деп жазганыңыз туура. Бирок комикстерде бул эреже колдонулбайт.

Он эки миңди 12.000 эмес, 12,000 деп үтүр менен жазыңыз. Ал эми ондук сандар 3,14 эмес, тескерисинче, чекиттер менен 3.14 деп жазылат.

Кадимки макаланын текстинде 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 эмес, бир, эки, үч, ..., сегиз, тогуз деп колдонуңуз. А бирок бул эрежелер колдонулбай турган жагдайлар көп. Кээ бир сандар сөз түрүндө да жазылышы мүмкүн.

Баш тамгалар

Мезгилдин (мисалы, жаз) жана өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын аттары (мисалы, ак шумкар) баш тамгалар менен жазылбайт.

Кыскартылган сөздөр

Жадыбал, инфобокс жана AT&T сыяктуу расмий аттардан башка учурларда, "&" символун эмес, "жана" деген жазууну пайдаланыңыз.

Тыныш белгилер

Китептердин, тасмалардын, ТВ сериалдардын, музыкалык альбомдордун, сүрөттөрдүн жана кемелердин аталыштарын курсив менен жазыңыз, бирок музыкалуу ырлар же кара сөз түрүндөгү ырлар тырмакчага алынышы керек.

Дефис бул тире эмес. Дефис сөздөрдүн ичинде же сөздөрдү байланыштыруу үчүн колдонулат, бирок ал сүйлөм тыныш белгиси эмес. Сөзгө чейин жана андан кийинки боштук менен – белгисин, ал эми боштуксуз — белгисин колдонуңуз. (Википедияны караңыз: Тирени кантип коюу керек). Тире коюу үчүн эки дефисти (--) жана минус белгисин да колдонууга болбойт.

Сандардын ортосунда дефис эмес, тирени колдонуңуз:14–21; 1953–2008. Параллель терминдерди туташтыруу үчүн да тире колдонулат: Нью-Йорк–Лондон рейси.

Үзүлбөгөн боштуктар

Кадимки боштук баскычын басып отурбастан, сөздөрдүн ортосундагы саптардын үзүлбөшүн камсыздоо үчүн   же {{nbsp}} коддорун койсоңуз болот.