Жарылгыч заттар

Википедия дан

Жарылгыч заттар — газ абалындагы затты пайда кылып, көп сандагы жылуулукту бөлүп чыгаруу менен өз ара тез тарап кетүүчү өзгөрүүлөргө жөндөмдүү болгон хим. бирикмелер же заттар аралашмалары. Ысытуу, согуу, сүрүлүү . жана башка тышкы күчтүн таасири менен пайда болгон хим. реакция энергияны катмардан катмарга өткөрүп, согуу толкуну аркылуу таралат. Реакция жылуулугунун эсебинен өтө жогорку темп-рага чейин ысытылган газдар пайда болушу басым өтө жогорулашына алып келет. Натыйжада өтө кысылган газ андан ары кеңейип алардын ички энергиясы механикалык жумушту аткарып, Ж. з. жарылат да, айланасындагыларды талкалап кетет. Ж. з. реакциялык күйүү ылдамдыгы, жылуулук чыгарышы ал заттар физ.-хим. касиеттерине жана бирикмелерине жараша болот. Ж. з. катуу (дүрмөт дары, тротил жана башка), суюк (нитроглицерин, нитрогликоль), газ абалында (суюк кычкылтек, метандын аба менен аралашмасы), катуу жана суюк заттардын бирикмеси (динамит, оксиликвит) жана газ абалындагы зат менен катуу зат бирикмеси түрүндө кездешет. Ж. з. реакциясы аябай тез өтүшү менен айырмаланат. Ж. з. компоненттери, бири-бири менен хим. байланышта же мех. бирикме түрүндө болушу мүмкүн. Ж. з. даярдоого жөнөкөй жана коопсуз, пайдаланууга ыңгайлуу, жетиштүү кубаттуулукта жана наркы азыраак болуш керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]